www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы Өзбекстанда жарандарга ипотеканын негизинде 33 114 батир жана жеке турак жай берилет. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 11-мартта кол койду.

Жарлыкка ылайык, ипотекалык негиздеги турак жайлар базар принциптерине шайкеш берилет.

Айыл жерлеринде 8 336 батирден турган көп кабаттуу жеткиликтүү үйлөр курулат. Айрым категориядагы кишилер үчүн 3 550 батирлүү турак жайларды салуу каралууда.

Жеке турак жай куруу же реконструкция үчүн жеке жактарга насыя берүү тартиби бардык региондордо киргизилди. Буга чейин мындай жол-жобо Анжиян, Наманган жана Фергана облустарында гана болгон. Ар бир облуста жана Каракалпакстанда 500дөн жеке турак жай курууга насыя берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости