www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиядагы Кыргызстандын Ардактуу консулдары менен онлайн форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакта ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Абдылдаев Кыргызстандагы ички саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Ардактуу консулдардын 2021-жылга карата иш пландары талкууланды, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташууну, атап айтканда соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туристтик багыттардагы маселелер каралды.

Абдылдаев Ардактуу консулдардын көңүлүн Германиядагы кыргыз жарандарынын кызыкчылыктарын коргоого жана Кыргызстандын маданиятын, каада-салтын жана туристтик дараметин таанытуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө багыттады.

Маалымат иретинде: Кыргызстандын Германиядагы Ардактуу консулдары: К.Элердинг мырза - Гамбург шаарында, М.Бём айым – Төмөнкү Саксония федералдык жеринде, Э.Хаас мырза – Бремен шаарында, Р.Крэммель мырза – Бавария жана Тюрингия федералдык жерлеринде жана К.Крошке - Шлезвиг Хольштайн федералдык жеринде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости