www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтийликке эки кишиден арыз түштү

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси - муфтий болуу үчүн эки кишиден арыз түшүп, талапкер каттары катталды.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин катчысы Акылбек Калыбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, талапкерлердин бири - Аалымдар кеңешинин мүчөсү Сайдамир Жээналиев, экинчиси - ислам дин илими боюнча устат Нурбек Токтогулов. Каалоочулардан арыз кабыл алуу 17-мартка чейин уланат.

Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.

Аалымдар кеңеши 17-февралдан тартып муфтийликке талапкер болууну каалагандардан арыз кабыл ала баштаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости