www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчылар Ахматбек Келдибековдун, Азимбек Бекназаровдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалынын редактору Дмитрий Ложниковго койгон доосу толуктоо үчүн артка кайтарылды. Бул тууралуу  Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди:

- Доо арыз 26-декабрда берилген. Бирок айрым документтердин жоктугунан 28-декабрда доо арыз 9-январга чейин калтырылган. Бүгүн доогерлердин өкүлү келип арыз менен тиркелген документтин баарын алып кетти.

Үч саясатчынын өкүлү Динара Ашимова документтерди алып кеткенин жана ал толукталып, кайра 10-январда сотко тапшырыларын айтты.

- Сотко сөздөрдү даана көрсөтүш керек экен. Алар жалпы пикирди эмес, так сөздү талап кылышууда. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев айткан сөздөрдүн ичинен кайсынысын жазыш керек экенин такташ үчүн документтерди алдык, - деди Ашимова.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалында 10-декабрда чыккан маегине байланыштуу 26-декабрда Атамбаев менен аталган каналдын редактору Дмитрий Ложниковго каршы

Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости