www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлер жамааты буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдон баштап, бийликтин баардык бутактарына чейин аталган оорукананын бөлум башчысы Салтанат Иманбаеванын атынан Кайрылуу жазган.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак аталган оорукананын “көзүрү” Салтанат Иманбаева учурдагы президенттин жакындары колдогонун айтып, өзүн “царица” сезип келет. Өз билгенин кылып өтүгүн төргө илген бөлүм башчы кызматын аркалаган Салтанат Иманбаева кол астында иштеген дарыгерлерди сөөмөй менен чакырып, ак аюдай бакырып мамиле кылганы бир нече жолу жазылып, ал тургай Жогорку Кеңештин трибунасында айтылды. Тилекке каршы Кайрылу менен депутаттардын үнүн дагы азырынча эч кандай майнап чыга элек.

Минтип олтурса жамааты менен бир пикирге келе албаган Салтанат Иманбаевага быйылкы кара кийик жылы жакшылык алып келбейт сыягы. Анткени аталган ооруканын дарыгерлери, бөлүм башчы Салтанат Иманбаеванын орунсуз кылган мамилесинен улам ызырынып турганын уктук.

Баса, өз кызыкчылыгын пайдалана билген Салтуша айым, швейцариялык Кызыл Крест коому тарабынан бөлүнгөн заманбап операция жасалуучу микроскопту өзүнүн иш бөлмөсүнө киргизип алган. Мындай былык менен чылыктары толтура С.Иманбаева тууралуу толугу төмөнкү шилтемеден окусаңыз болот:  http://www.nazarnews.kg/news/30107

Жакынкы аралыкта Иманбаева тууралуу бир нече далилдерди, президенттин кайсы тууганына таянгандыгын ачыкка чыгарабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости