www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь Пекинде өткөн ведомстволук басма сөз жыйынында СССРдин экс-президенти Михаил Горбачевдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу NazarNews'ка Кытайдын CCTV-Plus агенттиги билдирди.
"Мырза Горбачев Кытай менен СССРдин ортосундагы мамилелердин нормалдашуусуна көмөктөшүүгө позитивдүү салым кошкон. Биз Михаил Горбачевдун дүйнөдөн кайтканына кайгырып, анын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз", - деди Чжао Лицзян.
Эске салсак, Михаил Горбачёв 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Анын каза болгонуна байланыштуу дүйнөнүн бир катар лидерлери көрөгөчтүгүн белгилеп билдирүү кылышты.
Горбачёв 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайынын Привольное айылында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган, ал эми 1967-жылы Ставрополь айыл чарба институтун бүтүргөн. Университетти аяктаган соң Ставрополь аймактык прокуратурасына бөлүштүрүлүп, андан кийин партиялык иштер менен алек болгон.
1985-жылы ССКП БКнын кезексиз жыйынында Горбачёв генералдык катчы болуп шайланат, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тарта СССРдин Жогорку Советинин Президиум төрагасы кызматын кошо аркалап, өлкөнүн да, партиянын да башкы жетекчилигин колуна алган. Ошол мезгилде Горбачёв реформалардын программасын жарыялап, кийин ал кайра куруу деген аталышка ээ болот.
1990-жылы СССРдин эл депутаттарынын кезексиз III жыйынында Горбачёв Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти болуп шайланып, андан соң СССРдин курамындагы 15 республика өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон.
Булак: NazarNews.kg