www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус президенти Владимир Путин Кытай менен Индиянын армиясын «Восток-2022» машыгуусуна чакырганда АКШ менен анын союздаштарына каршы чыкты. Мындай пикирин Bloomberg агенттигинин журналисттери билдиришти.
«Ушуну менен ал АКШ жана анын союздаштарынын Украинадагы жаңжалдан улам Москваны изоляциялоо аракетине каршы турат», — деп айтылат басылманын макаласында.
Басылма Батыш өлкөлөрүнүн кысымына карабай, Нью-Дели украин кризиси боюнча маселеде бир тарапты карманбай турганын белгилейт. Макаланын авторлорунун айтымында, бул позиция Орусия менен Индиянын өнөктөштүгү менен түшүндүрүлөт.
«АКШ Индияны коргонуу боюнча өнөктөш катары алып келип, Украинадагы жаңжалдан улам Орусияга киргизилген эл аралык санкцияларды бузбоого чакырганда да, Нью-Дели өкмөтү армиянын машыгууларына аскер бөлүгүн жөнөткөн», - деп жазат басылма.
Эске салсак, буга чейин Германиянын Der Tagesspiegel гезити 2022-жылдын 1-сентябрынан 7-сентябрына чейин Чыгыш аскер округунун жети полигонунда өтө турган «Восток-2022» аскердик машыгууларынын алдында Орусия менен Кытайдын ортосундагы күчөп бараткан аскерий кызматташтыкты чочутканын жазган.
Булак: NazarNews.kg