www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы президенттин «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-августунан тарта крахмал камтыган сырьенун негизинде (буудай даны) этил спиртин өндүрүүнү баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Учурда ишкана менен алкоголдук жана медициналык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн ортосунда этил спиртин жеткирүү боюнча келишимдер түзүлүп, ал ишке ашырылууда.
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата 35 632,53 декалитр «Люкс» классындагы спирт өндүрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 67 миң 453,4 декалитр ректификацияланган этил спирти өндүрүлүп, анын 60 миң декалитрден ашуун көлөмү сатылган.
Белгилей кетсек, «Кара-Балта спирт заводу» МИ – этил спиртин өндүрүү боюнча толук жабдылган ишкана. Негизги багыты спирт өндүрүшү болуп саналат. Ишкана курамында крахмал бар сырьену (3, 4, 5-класстагы буудай) да, кант камтыган сырьену да (кызылча патока, чийки кант) кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Булак: NazarNews.kg