www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-январдан тартып кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркеч-Там» көзөмөлөткөрүү пунктунда жарандар өткөрүлүп баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
«Эркеч-Там» аркылуу Кытайга өтүүнү каалаган адамдарда чет өлкөгө чыгуучу паспорт жана виза болушу керек.
Ал эми кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда азырынча Кытайдан Кыргызстанга келе жаткан транспорт каражаттары жана жүк гана өткөрүлүп жатат.
Ошондой эле, Кытайга өтүүнү каалаган жарандар коронавирусту жуктурбаганын далилдеген соңку 48 саатта тапшырган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Учак менен бара турчу жарандар учакка олтургандан баштап Кытайга жеткиче бет кап тагынууга тийиш.
Буга чейин Кытайга барган жарандар ПЧР-тест тапшыруу жана обсервацияга жатуу милдетинен бошотулган.
Бирок чек арадан өтүп жаткан адам өзүн начар сезип жатканын билдирсе же кимдирбирөөнүн дене табы жогору болсо, алар коронавируска тест тапшырышат. Эгерде алардан коронавирус аныкталса, аларга үйдө карантинде болуу же медициналык мекемеде дарылануу сунушталат.
Чек ара кызматы билдиргендей, чек арадан өтүү боюнча суроолор болсо, 0312 88 16 18 жана 0312 54 38 36 телефон номурларына чалса болот.
Белгилей кетсек, Кытай 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталганда чек арасын жапкан.
Булак: NazarNews.kg