www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден 2024-жылы боло турган АКШдагы кийинки президенттик шайлоого карата кампаниясын баштоого даярданып жатат. Бул тууралуу «The Hill»  гезити жазып чыкты.

Америкалык лидер жана анын жардамчылары алдыдагы өнөктүктүн чоо-жайын иштеп чыгууда жана Байден жакынкы апталарда, балким, февраль айында кайра шайлануу үчүн күрөшүү ниетин жарыялашы мүмкүн.

Гезит булактарынын айтымында, демократ өз талапкерлигин апрелде жарыялашы мүмкүн.

Басылманын айтымында, айрым демократтар Байдендин экинчи мөөнөткө шайланаарынан күмөн санап жатышканы менен, өнөктүк баштоо ниети калыптанып баштады.

Бул шектенүүлөр негизинен былтыр 80 жашка чыккан президенттин жаш курагына байланыштуу.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2020-жылдагы шайлоодо Демократиялык партиянын президенттикке талапкери Джо Байден жеңген. АКШнын 46-президенти Байдендин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости