www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чак түштө «Бета Сторес-2» тарапта ок атылды. Окуянын чоо-жайы

Кечээ, 21-июлда саат 14:30 чамасында милицияга Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсүндөгү «Бета Сторес-2» соода борборунун жанында октон жаракат алган адам жатат деген билдирүү келип түшкөн.

Бүгүн, 22-июлда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы аталган окуя тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, айтылган дарекке №3 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө кызматкерлери барышкан. Аларга Нурдин (аты өзгөртүлдү, И.Н.) аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Нурдин Түркиянын жараны Алихан (аты өзгөртүлдү, Ч.А.) экөөнүн ортосунда чыр чыгып, Алихан ага ок атып, качып кеткенин билдирди.

Жабырлануучу Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Анын төшүнүн сол тарабына ок тийген.

Ошондой эле окуя болгон жерден «МР79 9 ТМ» үлгүсүндөгү травматикалык тапанча, 1 даана гильза табылган. Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбашчылык) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Нурдин менен Алихандын ортосундагы чыр акчага байланыштуу.

Чет өлкөлүк жаран милицияга билдирген маалымат боюнча, ошол күнү түшкө маал Нурдин соода түйүн жактан жолугушууга чакырган. Ошол эле учурда Алиханга кол салууга даярдык жүрүп жатканын эскерткен. Алар жолуккандан кийин Нурдин кездемеге оролгон тапанчасын көрсөтүп, коргонуу үчүн жанына алууну сунуштаган. Бирок чочуган чет өлкөлүк жаран имараттан чыга качкан.

Алихандын айтымында, андан кийин ок атылганын уккан. Ага карата ок атылып жатат деп ойлоп, ал жерден качып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости