Аманкул Токтомамбетов: "Түндүк-Түштүк" жолу жакынкы беш жылда бүтпөй калышы мүмкүн"
Саясат  |   |  704

Жогорку Кеңештин депутаты, "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү жолун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Аманкул Токтомамбетов жол жакынкы беш жылда дагы бүтпөй калышы мүмкүн дейт.

--"Бул жол дагы беш жылда бүтөрү арсар. Биринчи фазасы 2018-жылы бүтүш керек болчу. Жакында комиссия дагы отуруп тактайбыз. Казарман - Жалал-Абад багытында эч нерсе баштала элек жерлер бар. Туннелдин 1 км ашыгы бүтө элек. Ал качан бүтөт белгисиз.

Эң негизгиси миллиардга жакын акчаны төлөчү мезгил келди. Жолду пайдаланбай эле төлөп баштайбыз", - дейт эл өкүлү. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями