www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Спутник V» вакцинасын алган аял каза болду

46 жаштагы Назгүл Исакова коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын алгандан кийин каза болду, деп билдиришти туугандары.

Алар АКИpress агенттигине маек берип, Исакова «Спутник V» вакцинасынын биринчи дозасын 19-июлда алганын, андан кийин дене табы көтөрүлгөнүн айтышты.

«Эки күн төшөктө жатты, кан басымы 30га чейин түшүп кетти. Тез жардам кызматы Бишкек шаардык ортопедия жана травматалогия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жеткирилген. Бүгүн, 22-июлда эртең менен каза болуп калды. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалды», - деп билдиришти маркумдун туугандары.

Бишкек шаардык ортопедия жана травматалогия илимий-изилдөө борборунун башчысынын орун басары Бакыт Исаков АКИpress агенттигине Исакова аллергиялык реакция менен келип түшкөнүн айтты.

Ал эми саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов АКИpress агенттигине Исакова «Спутник V» вакцинасын алганын тастыктады.

«Бирок азырынча маркум вакцинанын айынан көз жумду деп айтууга болбойт. Азыр комиссия иштеп жатат, соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Бардык деталдар иликтенет. Өлүмүнүн себеби азырынча аныктала элек», - деди ал.

Назгүл Исакова Бишкекке Кара-Көл шаарынан келген. Вакцинаны борбор калаадан алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости