www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Улукбек Марипов сел жүргөн Сузак районуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чаңгыр-Таш айылына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бул аймакта катуу жааган жамгырдын кесепетинен дамба жырылып, айылдагы турак үйлөр, оорукана, мектеп, ошондой эле бала бакча суу астында калган.

Марипов кыска мөөнөттө дамбанын көлөмүн кеңейтип, бекемдөө керектигин, ошондой эле селдин нугун буруу үчүн атайын курулманы куруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарылдыгын белгилеген.

"Табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүшүбүз керек. Кыргызстан көптөгөн жаратылыш кырсыктарына дуушар болгон тоолуу өлкө. Качанкыга чейин анын кесепеттерин жоёбуз. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери ар тараптуу жүргүзүлүшү керек. Тапкан-ташыганынан заматта айрылган карапайым адамдардын азап чегип жаткандыгы өкүнүчтүү", — деген Марипов.

Ал жабыркагандарга жардам көрсөтүлүп, селдин кесепетин жоюуга ӨКМдин кошумча күчтөрү жана атайын техникалары тартыларын айткан.

Жабыркаган короо-жайларды кыдырып чыккан соң, Улукбек Марипов айыл тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берген. Ошондой эле сел кырсыгынан 6 жашар кызы каза болгон үй-бүлөдөн кабар алып, көңүл айткан.

Белгилей кетсек, Сузак районунда селдин кесепетинен 446 үй жабыркаган, анын ичинен 118 турак үй толугу менен суу алдында калган. ӨКМдин комиссиясынын чечимине ылайык, 46 турак үй жашоого жараксыз деп табылып, тазалоо жана келтирилген зыяндарды аныктоо иштери уланууда.

Ошондой эле Марипов 20-июлда Сузак районунун дагы бир сел жүргөн Достук айылына барды. Табият кырсыгынан эгин талаалары жабыркап, түшүмдүн бир бөлүгүнө зыян келген.

Министрлер кабинетинин башчысы келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталган соң, жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөрүн кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости