www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-июлда УКМК терроризмге каршы жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет өлкөлүк жаранды кармады. Ал айрым КМШ өлкөлөрүнүн террордук жашыруун уюмдары менен туруктуу байланышта болуп, идеологиялык колдоо көрсөтүп, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн биринде террористтик актыга жан кечти террорчу катары катышууну пландаштырганы аныкталды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

«Кырдаалдан пайдаланып деструктивдүү идеологияны жайылтуу үчүн диний-экстремисттик уюмдардын активдешүүсү байкалууда. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын УКМКсы жарандарды сак болууга чакырат. Эгерде террористтик кылмышка даярдануу белгилери байкалса, өз убагында ыкчам чара көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүнү өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана алардын ишин токтотуу боюнча иш-чараларды улантууда», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости