www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Куляб шаарындагы "Нонвойи Поён" мечитинин имамы Махмадсодик Саидов беш жылга соттолду. Ал быйыл марттын аягында Дин комитети даярдаган жума баяндарды "Ислох" сайтына жөнөтүп турган деген айып менен кармалган.

"Саидов 1-февралдан 4-мартка чейин телефон аркылуу сайттын башкы редактору менен бир нече жолу байланышып, Дин комитети даярдаган жума баяндарды Facebook аркылуу ага жөнөтүп турган. Мындан тышкары ал сайтка Кулябдын жетекчилери жана шаардагы абал тууралуу маалыматтарды да берип турган", — деп жазылган сот өкүмүндө.

"Ислох" өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясына" таандык оппозициялык сайт. Мындан улам диний ишмерге тыюу салынган уюм менен кызматташуу айыбы да тагылган.

Сайттын башкы редактору Мухаммадикбол Садриддин имам алар менен кызматташпаганын билдирүүдө. "Бул жалган, биздин имам менен эч кандай байланышыбыз жок. Бизге жума баяндарды жөнөтүп турган имам башка, ал азыр эркиндикте жүрөт", — деди Садриддин.

Махмадсодик Саидов "Нонвойи Поён" мечитинин имамы болуп 2016-жылы дайындалган.

Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын алгачкы беш айында "Ислам кайра жаралуу партиясы" менен кызматташуу айыбы менен Кулябдын беш тургуну 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости