www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элмурат Кочкор уулу:

Талибдер жүрөктү түшүрүп кирди окшойт. Мындай пикирди Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде эмгектенген Элмурат Кочкор уулу жазды. 

--"Талибдер жүрөктү түшүрүп кирди окшойт. Соңку бир топ убакыттан бери эле күндеминен түшпөй калды. Негизи колуна курал кармап, радикалдуу кадамдар аркылуу өз билгенин кылып жаткан топтон коркуу нормалдуу көрүнүш. Өзгөчө бул топ коңшу өлкөлөргө чейин жетип келип, сес көрсөтүп жаткандыгынан улам кооптонгонго толук негиз бар. Андыктан коңшу өлкөлөр кошулуп, жапа тырмак аракеттенип, бул топтон кантип коргонуу мүмкүн экенин ойлонуп жатканыбызды түшүнсө болот.

Бирок эмне үчүн реалдуу бир коркунучка айланган кыймылдан кооптонгончолук, алардын аң-сезимдик пайдубалынан кооптонбой келебиз? Дегеним, талибдерди коркунучтуу кылып турган нерсе - ошол Ооганстандагы курал көтөргөн кишилер менен гана чектелбейт эмеспи. Мындай топту пайда кылган аң-сезим дүйнөнүн бардык жеринде, чек ара тааныбай эле жашап келгени ачуу чындык да.

Дагы ачыгыраак айта турган болсок, так ушул биз жашап жаткан өлкөдө деле талибдерден кыйратып обочолонбогон диний көз карашка ээ мекендештерибиз жок эмес. Бул мекендештерибизди бурмаланган, динди идеологиялык курал катары колдонууну көздөгөн мындай түшүнүктөрдөн куткарып, туура диний түшүнүктү көрсөтүп берүү баарыбыздын бири-бирибизге болгон жоопкерчилигибиз деп эсептейм", - дейт Кочкор уулу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости