www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кыргызстанга балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо боюнча мыйзам керек деп эсептешет.

Депутат Дастан Бекешев ата-эненин балдарды тарбиялоодогу, жаман маалыматты жакшы менен ажырата билүүнү үйрөтүүдөгү жоопкерчилигин эске салып, ошону менен бирге эл өкүлү ишке ашыруунун так механизми жок демилгелер цензурага, коомдун деградациясына алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

"Менин пикириме кабатыр болбогула. Мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстан Афганистанга айланып калышы мүмкүн, сөз эркиндигине чектөө кирип калат", - деди депутат Бекешев.

Ал эми, депутат Атазов Кыргызстан эч качан Афганистан болбоорун билдирди.

"Чет өлкөнүн концепциясын колдоп жүргөн арабыздагы айрым кесиптештер Афганистан болуп кетебиз деп жатат. Эч кандай андай болбойбуз. Бул мыйзам долбоору менен биз кыргыз улутуна, жаштарга кол салып жаткандарга чектөө коёбуз. Андыктан бул эң сонун, татынакай мыйзамды колдошубуз керек", - деди Атазов.

Андан сырткары депутат Балбак Түлөбаев, Айбек Осмоновдор да мыйзам долбоорун колдоп, азыркы заманда ыкчам кадамдарды талап кылган коркунучтар көп экенин айтышты.

Өз кезегинде Дастан Бекешев кесиптештерине кайрылуу жасап, бири-биринин сөзүнө комментарий берүүдөн алыс болууга чакырды.

"Ар бир депутат өз пикирин айтканга укуктуу. Жагабы, жакпайбы… Батышчыл концепция деп жатат, акырына чейин барыш керек анда, кесиптеш өзү пиджакты чечип, чапан кийип, Айфонду ыргытыш керек. Кымбат америкалык унаа айдабай эле ат менен жүрүш керек… Койгулачы эми, урматтуу депутаттар. Ар бир депутаттын ою бар, мен да укуктуумун. Эмнеге батыш? бул менин оюм", — деди Бекешев.

Талкуунун жыйынтыгында парламент долбоорду биринчи окууда жактырды: 79 депутат макул, бирөө каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, парламентте «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутат Джамиля Исаева баяндама жасап, суроолорго жооп берди. Алсак, мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарда жаш курактарын эске салган билдирүүлөрдүн милдеттүү болушун шарттайт.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости