www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын кендеринин биринде эки жумушчу иске ууланып каза болду, дагы үчөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык 11-октябрга караган түнү болгон. Маалыматка караганда, 37 жана 24 жаштагы эки адам иске ууланып каза болгон. Үч киши Ала-Бука аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алар Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары. Милиция фактынын чоо-жайын териштире баштады.
Жергиликтүү тургундар каза болгондор жана ооруканага түшкөндөр Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык "Фул Голд Майнинг" компаниясынын жумушчулары экенин айтышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин 11-октябрда түнкү саат 02:30га жакын кен өндүрүүчү ишкананын инженери шахтанын ичинде газ чыкканын айтып кайрылганын, анын ичинде калган жаранды куткарууга тогуз куткаруучу тартылганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg