www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда бир дагы жаран өз көйгөйлөрү менен жалгыз калбашы керек. Бул тууралуу өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев бүгүн, 11-октябрда кварталдарды өнүктүрүү жана «Жашыл мейкиндик» жалпы улуттук долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштерге байланыштуу өткөн видеоселекторлордун жыйынында айтты.  

Жыйындын башында реформалар башталганы, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун баары адамдык ар-намысты камсыздоо менен калкты ыраазы кылууга багытталганы дагы бир жолу баса белгиленди.

Маалым болгондой, мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык аймактарга жумушчу топтор жөнөтүлүп, алар 9370 кварталдын ар бирине кирип, элдин маанайын изилдеп, аны түйшөлткөн көйгөйлөрдүн тизмеси түзүлдү.

Эл тарабынан жол, ичүүчү суу, ирригациялык система, электр энергиясы, билим берүү, медицина тармагына байланыштуу 12 миң маселе жана сунуштар көтөрүлгөн.

«Бардык губернаторлор, министрлер угушсун. Бул президенттин саясаты жана талабы: бир дагы жаран өз көйгөйлөрү менен жалгыз калбашы керек. Калктын маанайы биздин реформаларыбыздын, саясатыбыздын күзгүсү. Калкыбыз көтөргөн ар бир чоң-кичине маселеге өз убагында жооп берип, аларды этап-этабы менен чечүү бардык деңгээлдеги жетекчилердин эң башкы приоритети болушу керек”,- дейт президент Мирзиёев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости