www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 8-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында 1985-жылы туулган Т.И. аттуу Ала-Бука районунун тургуну өзүнүн оор жүк ташуучу автоунаасы менен Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында бараткан учурда, өзүнө бейтааныш эки жаран жеңил автоунаасы менен алдынан эч себепсиз тосуп токтотушкан. Айдоочунун тоскондордун бири өзүн “Болот” деп тааныштырып ушул жолдо жүргөнү үчүн 10 миң сом бересиң деп опузалап коркутушуп, оор жүк ташуучу автоунааны 3-4 саат жолдо кармап турушкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул факты боюнча жана арыздын негизинде топтолгон материал опузалап талап кылуу менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө атайын тапшырмалар берилип, кылмыштын бетин ачуу жана шектүүлөрдү аныктап кармоо максатында тергөө тапшырмасы берилген. Жалал-Абад ОИИБнин жана Чаткал РИИБнин тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кылдат жана кесипкөйлүк менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында мурда үч жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген 1989-жылы туулган “Басмач” каймана аттуу У.Б. деген Чаткал районунун тургуну жана анын кылмыштуу шериги 1997-жылы туулган С.Днын жүргөн жерлери аныкталып, тергөөгө камсыздалган.
Сот тарабынан бөгөт коюу чарасы 2 айга камакка алуу тандалып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жоктугу териштирилүүдө.
Булак: "NazarNews.kg"