www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында катталган өрттүн кесепетинен жабыркаган соодагерлер аталган жайларда жүрүп жаткан айрым курулуштарга каршы.
Бул багытта соодагерлер шаардык кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошкон. Ага ылайык депутаттык топ атайын кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйын өткөрдү. Анда сатуучулардын кайрадан иш алып баруусуна эч кандай тоскоолдук жок экенин, орундарын кайра калыбына келтирип иш алып баруусу тийиштүү тараптардын көзөмөлүнүн негизинде аткарылуусу керектигин билдиришти. Андан соң шаардык кеңештин депутаттары борбордук базардын күйгөн бөлүгүнө барып, сатуучулардын нааразычылыгын жараткан соода орундарын жеринде көрдү. Бир катар соода жүргүзүүчүлөр базардагы өрттүн чыгуусуна себеп болгон деп болжолдогон ашкананын кайра курулуусуна каршы экендиктерин билдиришти. Мында тийиштүү тармактардын адистери өрт коопсуздук эрежелери сакталбай, кайрадан ашкана куруу мүмкүн эмес экенин айтышып, соода жайында башка ишкердик кылууга уруксат берилерин билдиришти.
Соңунда депутаттык топ күйгөн базарды кайра калыбына келтирүүдө өрт коопсуздук эрежелерин толук сактоого жана мыйзам чегинде иш алып барууга чакырышты.
Булак: NazarNews.kg