www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткалда кар көчкү жүрүп, жол жабылды

8-январда Чаткал районундагы Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымына кар көчкү түшүп, жол толугу менен жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 7 миң 725 куб метрге жетет. Учурда №27 жол тейлөө ишканасынан жана Чаткал айыл аймагынан тартылган эки техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргызгидромет кызматы 9-11-январдагы жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 55-107-чакырымдарында, Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымалдыгын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости