www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын Вирджиния штатындагы Ньюпорт-Ньюс шаарында алты жаштагы биринчи класстын окуучусу башталгыч класстын мугалимин атып салган. Бул тууралуу The Virginian-Pilot гезити жазды.

Шаар полициясынын башчысы Стив Друнун айтымында, окуучу менен мугалим урушуп, андан кийин бала аны тапанча менен аткан.

"Бул ок атуу кокустук эмес", - деди полиция кызматкери.

30 жаштагы мугалим өмүрүнө коркунуч келтирген жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Окуучулардын эч кимиси жабыркаган жок. Ок аткан окуучу кармалды. Тергөөчүлөр ал тапанчаны кайдан алганын тактап жатышат.

Ньюпорт-Ньюс Билим берүү департаментинин башчысы Джордж Паркер мектепте окуу токтотулганын жарыялады.

"Бийликтер кызматкерлердин жана окуучулардын психикалык ден соолугунун үстүндө иштеп жатышат", - деди Паркер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости