www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда 2020-жылы туулган наристе иске ууланып каза болду. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, 8-январда саат 01:30 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан милицияга билдирүү түшкөн.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына "Уулануу" болуп катталып, териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган.

"2023-жылдын 7-январында саат 20:00 чамасында 1993-жылы туулган келин кошумча жумушка, идиш жууганы чыгып кетип жатып, 2019-жылы туулган эркек баласын жана 2020-жылы туулган кызын уктатып кеткен. Кайра 23:30 чамасында жумуштан келсе, үйүндө электр жылыткычтын зымы ээрип, түтүн каптап, кызы каза болуп калгандыгы аныкталган. Уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Алга айылында алты адам электр мешинен чыккан иске ууланып каза тапкан.

Кырсык 28-декабрдан 29-декабрга караган түнү болгон. Анын кесепетинен 36 жаштагы эркек киши, 35 жаштагы аял киши, 9, 6 жана 2 жаштагы уул бала, 8 жаштагы кыз бала каза болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, үйдө эки электр меши сайылып тургандыктан токко күч келип, үйдүн кире беришиндеги бөлмөдө зым үзүлгөн. Үй-бүлөнүн атасы чыгып, токко урунуп каза болгон. Анын артынан аялы чыгып, ал дагы мерт кеткен. Үзүлгөн зым диванга түшүп, андан ис чыга баштаган. Иске ууланып үйдөгү балдар көз жумган.

Каза болгон балдардын бири маркум жубайлардын тууганынын баласы экенин айтылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иске уулануунун алдын алуу боюнча бир нече кеңештерди айтып берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости