www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Зеландия келечек муунга тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Бул тууралуу The Guardian басылмасынын жазганына караганда, мындан ары тамеки 2009-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөргө сатылбайт.
Эреже бузгандар 150 миң Жаңы Зеландия доллары (96 миң АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул төлөйт. Тамеки атайын дүкөндөрдө гана сатылат. Андай дүкөндөрдүн саны 6 миңден 600гө чейин кыскарат.
Мыйзамга ылайык, тамекиде никотиндин көлөмү азайтылууга тийиш. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Айеша Веррол бул мыйзамды кабыл алуу менен көптөгөн оорулардын алды алынып, рак, инфракт, инсульт азайып, дарылоого сарпталчу 5 миллиард доллар үнөмдөлөрүн билдирди.
Министр айткан сумма жылдык көрсөткүчпү же бир канча жылдыкпы, айтылган жок. Ал эми мыйзам 2023-жылы күчүнө кирет. Жаңы Зеландия 2025-жылга чейин "тамеки чегүүдөн эркин өлкө" болууга аракет кылууда.
Булак: NazarNews.kg