www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир вице-мэрлер «мырк» демектен жүзү кара, желмогуз деп атаса да «өзүн-өзү хан» сезип калышкан парламент депутаттарынын башын аттай албай унчуга алышпай калышмак. Үнсүз балык болуп бермек. Мен Дастан Бекешевдун мындай сөзү үчүн өлүп берем деп турган Нурдан Орунтаев бери эле болгондо президент Жапаровдун же жок дегенде Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаровдун ишенимдүү кишиси, болбосо өз намысын коргой ала турган эр азаматтын бири. Балким ага кызматка караганда намыс жогору болуп жүрбөсүн. Дастан Бекешев да Орунтаевди өзгөчө шыбаган, ал Бишкектин мэри Эмил Абдыкадыровго кайрылып: «Вице-мэриңиз, кечиресиз, муниципалдык кызматкердин этикасы бар, ал өзүн «мырктай» алып жүрөт» өзүн асмандагы ак куудай сезип жиберген. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыровго кайрылып жатып билдирген.

Анын айтымында, гараждык кооперативдердин мүчөлөрү борбор калаанын мэриясынын жанына тынчтык митингине чыгышты: «Алар сиз менен жолугууну каалашты, жолугушуп коюңуз. Ошолор менен митинг өткөрүп жүрөт микрофонго кыйкырып. Мэрия түшүндүрүп бериши керек. Жок, ал кыйкырып жүрөт. Мен уялдым. Бул Бишкек шаарыбы? Бул Бишкектин вице-мэриби? Менин ага эч кандай душмандыгым жок. Өзүн минтип алып жүрүүгө болбойт. Бул уят», — деген депутат.

Депутаттын бул билдирүүсүнө Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев жөн калбай комментарий берди: «Дастан Бекешев боюнча айтсам, ал ар кандай коммерциялык объектилерди орнотууга уруксат ала албай жатат. Биз бир нече жолу баш тартканбыз. Бул жагынан ал ушундай саясат жүргүзүп жатат. Мындан тышкары Бекешев жеке досторунан жардам сураган, биз анда да баш тартканбыз. Дастан Бекешевдин сөзү боюнча айтсам, ал өзүнүн тарбиясыз экенин көрсөттү», - деди Нурдан Орунтаев

Вице-мэрдин пикиринде, болуп жаткан митингди Дастан Бекешев уюштурган: «Анын жеке кызыкчылыктары бар. Анткени ал жашаган үйдүн тосмосун жакында эле бузуп салганбыз. Буга аябай таарынып жатат», - деди вице-мэр.

Ал Бекешевди сотко берерин да тастыктады. «Мен ага чалган жокмун, ал мага чалды. Мени кемсинткени үчүн сотко берем деп ачык айттым», - деди Орунтаев. Эми көрө жатарбыз бул эмнеге уланар экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости