www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Бихар штатында кеминде 39 адам жасалма алкоголдук ичимдиктерден улам каза болуп, дагы бир нечеси ооруканага түштү. Бул тууралуу Hindustan Times басылмасы полициядагы булактарына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук администрация курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугуп, аларга ичимдик саткандарды табуу үчүн аткаминерлерден турган топторду түздү.
Бул окуядан кийин оппозициялык партиялардын лидерлери штатта 2016-жылдан бери колдонулуп келе жаткан алкоголдук ичимдиктерге толук тыюу салууга каршы чыгышты. Ушул тапта Бихар штатында мыйзамсыз алкоголдук базар жана жасалма ичимдиктер гүлдөп жатат.
Булак: NazarNews.kg