www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык кеңешинин 16-декабрдагы отурумунда вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жүрүм-туруму тууралуу айтылды. Шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков чогулган жарандар менен вице-мэр үн күчөткүч аркылуу сүйлөшкөнүн сынга алды.
Депутат вице-мэрдин этикасын кароону сунуштады.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын алдына 15-декабрда гараж кооперативинин өкүлдөрү чогулган. Тынчтык митингдин катышуучулары менен вице-мэр Нурдан Орунтаев жолугушкан.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев вице-мэрдин жүрүм-турумун сынга алып, өзүн "мырктай" алып жүрөт деген.
Буга жооп катары Орунтаев депутат Бекешевди сотко берээрин билдирген.
Булак: NazarNews.kg