www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстанда согушкерлер Росгвардиянын аскер бөлүгүнө кол салып, алты аскер кызматкери набыт болгон. Улуттук антитеррор комитети кол салуу болжолу түнкү саат экилерде болгонун кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, согушкерлер калың тумандан пайдаланып, аскер шаарчасына кирип барууга аракет кылган. Бирок аларды аскерлер байкап калышкан.

"Ок атышуу учурунда банданын бардык мүчөсү жок кылынды. Алардын колунда ок атуучу куралдар, ок-дары, экөөсүндө жанкечтинин куру болгон»,-деп айтылды билдирүүдө.

РИА Новости маалымат агенттиги өз булагына таянып, ок атышуу учурунда кеминде үч аскер кызматкери жаракат алганын жазды. Алардын бири башынан жаракат алып, абалы оор, калган экөө бутунан жарадар болгон. Бирок расмийлер муну тастыктаган жок.

Ошондой эле орусиялык маалымат сайттары кол салгандар сегиз киши болгон деп жазууда. Бирок муну дагы расмийлер тастыктаган эмес. Учурда окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүүдө. Кол салгандардын өздүгү такталууда.

Соңку жылдардагы Чеченстанда болгон мындай кол салуулардын эң ириси 2014-жылы декабарда катталган эле. Анда Орусияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Имарат Кавказ" экстремисттик тобунун кол салуусунан 14 полиция набыт болуп, 30га чукулу жаракат алган.

Росгвардия өткөн жылы жаз айында уюшулган. Ал коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган. Интерфакс маалыматына караганда, мекеме Түндүк Кавказдагы террорчулукка каршы операцияларга активдүү тартылып жаткан.

Бул түзүм түздөн-түз мамлекет башчысына баш ийет. Айрым эксперттер Президент Путин өлкөдө кандайдыр бир башаламандык болуп кетсе, бийликти коргоо максатын көздөп ушул күч түзүмүн түзгөн деп эсептейт.

Булак: "bbc.com"

Последние новости