www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун тапшырмасы менен өкмөт өкүлдөрү Сохко барды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, Сох анклавына тик учак менен барган чиновниктердин арасында премьер-министрдин биринчи орун басары Очилбой Раматов да бар.

“Сохко премьер-министрдин биринчи орун басары Очилбой Раматов, агрардык саясат жана тамак-аш боюнча орун басары Уктам Барнаев, социалдык өнүгүү боюнча орунбасары Бехзод Мусаев, өкмөт башчынын дагы бир орун басары Сардор Умрзаков, билим берүү министри Шерзод Шерматов, айыл-чарба министри Жамшид Хужаев, спорт министри Дилмурод Набиев жана башкалар барды”, - деп айтылат аталган маалыматта.

Маалым болгондой, Өзбекстан Сохтогу абалды жакшыртуу жана ал жердеги жашоо-шартты оңдоо үчүн атайын программа иштеп чыккан. Жакынкы күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы "Чечме" булагы жайгашкан Фергана облусуна келе турганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости