www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-мартка карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирге абалдын туруктуу болушуна багытталган чараларды көрүүдө.

“Чек араны биргелешип кайтаруунун сапатын жакшыртуу максатында Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү тажик тараптын өкүлдөрү менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды тынымсыз өткөрүүдө. Анткен менен, акыркы убакытта жергиликтүү калк арасында такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар таркаган учурлар көбөйүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК Чек ара кызматы жарандарды ар кандай айың кептерге жана ызы-чууга ишенбөөгө чакырат. Кандайдыр бир суроо жарала турган учурда жарандар жакынкы чек ара бөлүмдөрүнө кайрыла алат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости