www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 29-апрелде таңкы саат 4:40тар чамасында Баткен районунун Көчө-Бою аттуу жеринде абал курчуп кеткенин кабарлады.

Чек ара кызматы: «Айылда тажикстандык тарап Кыргызстанга таандык тургундардын үйлөрүнө таш ыргытып, кырдаал курчуп кетти. Андан соң тажикстандыктар жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын машинелерин мергенчи куралы менен аткылап башташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жарадар болгондор бар. Тажик тараптын ок атуусу токтобой жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалууда. Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчилиги менен телефондон байланышуу мүмкүн болбой жатат», - деген билдирүү таратты.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен «Головной» тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалган абалда деген.

«Головной» тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болду.

УКМК Чек ара кызматы тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатканы тууралуу билдирүү таркатты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости