www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент парламентти таркатты

Молдованын президенти Майя Санду парламентти таркатуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 11-июлда өтөт.

Буга чейин депутаттар үч ай ичинде өкмөт курай албай калгандан кийин өлкөнүн Конституциялык соту парламентти таркатууга уруксат берген.

Молдованын мурдагы президенти жана Сандунун шайлоодогу атаандашы Игорь Додон парламенттеги көзөмөлдү сактап калган. Ал орусиячыл маанайдагы саясатчы болуп эсептелет. Президент парламентти таркатууну чечкенден кийин Додон Сандуну майда саясий амбицияга жана мамлекеттин акчасын чачып жок кылууга айыптады. Додон коронавирус пандемиясы жүрүп жаткан маалда президент өз калкына кам көргөн жок деп эсептейт.

Санду саясатка 2010-жылдын башында аралаша баштаган. Ал европачыл “Аракет жана тилектештик” партиясын түзүп, орусиячыл президент Игорь Додонго жана өлкөдөгү таасирдүү олигарх Владимир Плахотнюкка каршы чыккан.

Кийинчерээк Додон жетектеген социалисттер менен кыска убакытка альянс түзүп, Плахотнюкту бийликтен кетирип, өкмөт башчылыкка дайындалган. Бирок көп өтпөй кайрадан оппозицияга өтүп, шайлоодо президент Игорь Додонду жеңип алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости