www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын аскерий агрессиясына ички жана тышкы саясатта ар кандай деңгээлде баа берилсин. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында «Чек ара» коомдук бирикмеси билдирди.
Коомдук бирикменин мүчөлөрү бийликке төмөнкү талаптарды коюшту:
— Чек арага жакын жайгашкан аймактардагы ар тараптуу жана толук кандуу коопсуздук тез арада камсыз кылынсын;
— Чек арага чектеш жашаган жарандарыбызга мамлекет тарабынан ар тараптуу жана комплекстүү жеңилдиктер берилсин жана жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелердин дагы чечилишинин жасалма жолдор менен кечиктирилиши тез арада токтотулсун;
— Чек арага чектеш аймактарга ишканалардын ачылышы үчүн керектүү иш чаралардын баары жасалсын жана ички инвестициялардын келүүсү үчүн көп тараптуу жеңилдиктер өтө чукул кабыл алынсын;
— Тажикстан тараптап кол салууга ички жана тышкы саясатта ар кандай деңгээлде баа берилсин;
— Агрессор өлкөдөн компенсация жана репарация өндүрүү үчүн катуу киришсин жана аягына чыксын.
Булак: NazarNews.kg