www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы 10 райондун акими аттестациядан өтө албай калган. Алар ээлеген кызматынан бошотулганын Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасынын орун басары Олег Тарбинский билдирди.
Аларда кадрлардын региондордогу резервине кошулууга мүмкүнчүлүгү бар. Учурда бул резервде 321 талапкер бар экени белгилүү болду.
Аттестациянын жыйынтыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган акимдер (8 адамдын тизмеси такталган):
— Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Осмоналиев Манас Мукашевич;
— Жалал-Абаддагы Ноокен районунун акими Осмонов Абдрахман Куватович;
— Чүйдөгү Панфилов районунун акими Аманкулов Эмир Эркинбекович;
— Ысык-Көлдөгү Түп районунун акими Акимбаев Бахтияр Болотович;
— Ысык-Көлдөгү Тоң районунун акими Тилебалдиев Айбек Курманакунович;
— Оштогу Алай районунун акими Болбур уулу Алтынбек;
— Нарындагы Жумгал районунун акими Бозбалаев Залкарбек Үсөналиевич;
— Таластагы Манас районунун акими Дүйшөбаев Бектеналы Бошкоевич.
Булак: NazarNews.kg