www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элибиз идеяга эмес, инсандарга ишенип ушул акыбалга кептелдик. Мындай пикирди бүгүн, 25-майда камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов социалдык баракчалары аркылуу билдирди.
--"30 жылдык эгемендигибизде жетишкенибиз же тапкан байлыгыбыз сөз эркиндиги.
Урматтуу мекендештер!
1991-жылы 31-августа Кыргыз мамлекети көз карансыздыкка ээ болуп, легендарлуу парламенттин төрагасы кадырлуу аксакалыбыз Медеткан Шеримкуловичтин колу менен алгачкы эгемендүүлүк жөнүндө деклорация жарыяланган.
Жалпы дүйнөгө Кыргыз Республикасы суверендүү, демократиялуу мамлекет катары таанылып, демократиянын принциптери акырындан орноп, 30 жылда тапканыбыз сөз эркиндиги болду.
Кыска тарыхыбызда Кыргыз эли үч революцияны башынан өткөрүп, өткөөл мезгилде оор кырдаалда турган чагыбыз.
Тилекке каршы, өлкөнү өргө сүрөөдө туруктуу өнүгүү системасын курбай, элибиз идеяга эмес, инсандарга ишенип ушул акыбалга кептелдик.
Өзгөрүүгө жаңыланып, өнүгүүгө багыт алуу учуру келди!
Ишендирип айтамын. Сүйүктүү кыргызстаныбыздын келечеги кең. Болгону аракет, эмгек таза ниет, аруу тилек, чоң максат. Бекем позиция жана күчтүү команда керек. Бийлик элдики! Баардык коомдук саясий күчтөрдү өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн биригүүгө чакырам!
Эң маанилүү мамлекеттин өнүгүүсүндө өзөгү болгон сөз эркиндигин коргоодо бекем болушубуз абзел. Бириндесек бөлө тартып, жок кылаар бир билектей бекем болсок боор тартып, ынтымак менен биримдик коомдогу прогрессивдүү күчтөр үчүн бүгүн абдан маанилүү.
Учурдан пайдаланып мага карата жүрүп жаткан саясий куугунтукка каршы ачык ойлорун айтып, колдоо көргөзүп колдоп турган бардыгыңыздарга терең ыраазычылык айтам.
Өзгөчө ардактуу журналистерге рахматымды билдирем.
Сөз эркигиндиги үчүн өмүрүн арнап, тобокелдике барган журналисттер эч качан унутулбайт!
Сиздерди терең урматтап Жеңиш!", - дейт Молдокматов.
Булак: NazarNews.kg