www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссия 25-майда шаардагы соода, оюн-зоок борборлорундагы балдар аянттарынын ишин убактылуу токтото туруу боюнча чечимди күчүндө калтырды.
Буга Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч экени негиз болду. Мэриядан кабарлашкандай, акыркы бир суткада борбор калаада дагы 298 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Сегиз бейтап каза болду.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги балдардын көңүл ачуу борборлорунун ассоциациясы шаардык бийликке кайрылып, балдар аянттарын ачууга уруксат берүүнү сураган. Мэрия бул маселе эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин кайра караларын билдирди.
Балдар аянттарынын ишине 1-апрелден тартып тыюу салынган. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын январына чейин башкалаадагы соода, оюн-зоок борборлорунда балдар ойногон аянттар жабык турган.
Өлкөдө коронавирус катталган 2020-жылдын мартынан бери расмий эсеп боюнча оору 103 000 адамга жукту. Алардын 1700дөн ашууну каза болуп, 96 433ү айыкты.
Булак: NazarNews.kg