Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан бейкүнөө карапайым жарандар жабыркап жатат. Чек арага чектеш кыргыз айылдарына куралдуу кол салуудан 13 адам курман болду, анын ону карапайым тургундар. Алардын ичинде Интернационал айылындагы он гүлүнүн бири ачыла элек, алтынчы класстын окуучусу Мадина Рахматжанованын дагы өмүрү жалп өчтү.
Бейшембиде кечинде саат жети-сегиз чамасында тажик тараптагылар ок атып баштаганда, Максат, Кулунду, Интернационал айылындагы эл дүрбөп кача баштаган. Алардын арасында Мадина өзүнүн энеси жана төртүнчү класстагы сиңдиси менен кошо качып чыккан. Куралдуу кол салгандар айылдагы элди карай минометтон ок жаадырышкан. Ошондо Мадина менен анын энесине ок тийген.
"Аларды көрүп калган айылдаштары көтөрүп алып машинага салып, аймактык ооруканага алып барышкан. Аймактык ооруканадан алардын абалы оор экен, райондук ооруканага жеткиргиле деген. Тилекке каршы, алтынчы класстын окуучу кызы ооруканага жетпей каза болуп калган", - деди Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.
Мадинанын энеси райондук ооруканага жетери менен операция болду, бирок абалы дагы эле оор экен. Ошондуктан аны Бишкектеги ооруканага алып кетишкени айтылууда.
Булак: NazarNews.kg