www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Баткен облусунун чек арадагы айылдарынан эвакуацияланган тургундардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Артём Новиковго маалымдалгандай, Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Өрук, Миң-Булак, Паска-Арык, Самаркандек, Достук, Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарынан жалпысынан 7093 жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ал эми 6079 тургун туугандарыныкына жайгаштырылган.

Эвакуацияланган тургундар коопсуз жерге жайгаштырылып, ысык тамак жана тийиштүү зарыл буюмдар менен камсыздалган.

Президент Садыр Жапаров өткөргөн ыкчам кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган.

Учурда биринчи вице-премьер-министр Баткен облусунда. Ал ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости