www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чехия 18 орус дипломатын чыгарат

Чехиянын атайын кызматтары 2014-жылы өлкөдөгү ок-дары кампасынын жарылышына орусиялык аскер тыңчылары катышкан деген бүтүм чыгаргандан кийин, Чехия өкмөтү тыңчы деп шектелген 18 орус дипломатын өлкөдөн чыгарып жаткандыгын жарыялады.

Чех премьер-министри Андрей Бабиш 17-апрелде бул тууралуу жарыялап, орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечими Чехиянын чалгындоо жана коопсуздук кызматтарынын "ачык-айкын далилдеринин" негизинде кабыл алынганын жана 2014-жылкы Врбетице (Vrbetice) кыштагындагы курал-жарак сактоочу жайдын жардырылышында "Орусиянын аскердик чалгындоо кызматы – ГРУнун – 29155-тобунун мүчөлөрүнүн ролу боюнча "негиздүү шек бар" деген пикирин билдирди.

Чехиянын чыгышындагы менен Словакиянын чек арасына жакын Злин аймагындагы 2014-жылдын 16-октябрындагы жан 3-декабрындагы бул жардыруудан улам эки киши набыт кеткен.

Ички иштер министри Ян Гамачектин айтымында, чалгындоо кызматынын оперативдүү кызматкерлери деп табылган дипломаттарга 48 сааттын ичинде Чехиядан чыгып кетүүгө буйрук берилди.

Бул окуя тууралуу президент Милош Земан кабардар экендиги жана тышкы иштер министрлигинин орус дипломаттарына байланыштуу чечимин колдогондугу маалымдалды.


Чех полициясы ошол эле күнү ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымдарын алып жүргөн Орусиянын шектүү эки тыңчысын издеп жатышканын жарыялады. Бул шектүүлөр тууралуу чех полициясынын "Твиттердеги" барагында да шектүүлөрдүн сүрөттөрү менен кошо жарыяланды. Алар Молдова менен Тажикстандын паспортторун алып жүрүшү ыктымал деп да шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости