www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда чет элдиктерге үй же башка кыймылсыз мүлк сатуу эрежеси өзгөрүшү мүмкүн.
Депутаттар Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык:
Чет элдикке үй сатылганда, анын алдындагы жер тилкеси мамлекетке же муниципалдык менчикке акысыз өткөрүлөт.
Чет элдик сатып алуучу үйгө менчик укугун алат, ал эми жерди убактылуу пайдаланат.
Жерди пайдалануу мөөнөтү алгач 20 жыл, кийин 20 жылга жана акыркы жолу 10 жылга узартылышы мүмкүн.
Үй башка чет элдикке сатылса, мөөнөт кайра башталбайт — калган убакыт гана берилет.
Көп батирлүү үйдө сатуучуга тиешелүү жер үлүшү гана өткөрүлөт.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Авторлордун айтымында, азыркы мыйзамда чет элдикке имарат сатылгандан кийин ага тиешелүү жердин укуктук абалы так жөнгө салынган эмес.