www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык сотунда 10-сентябрда «75чилердин каты» боюнча апелляциялык соттук отурум уланып, чечим чыкты. Өкүмдү угузууга журналисттер киргизилбей, сот чечимди жабык эшик артында окуду.
Айыпталуучулардын биринин адвокатынын билдирүүсүнө караганда, сот бардык айыпталуучуларды 4 жылга эркинен ажыратуу менен бирге 2 жылдык пробациялык мөөнөт белгилеген.
Белгилей кетсек, буга чейин прокуратура айыпталуучулардын баарын 9 жылга эркинен ажыратууну сураган. Райондук сот аларды «бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык мөөнөт белгиленип, камактагы беш адам сот залынан бошотулган.
Апелляциялык арызды прокуратура да, айыпталуучулар да берген.