www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 10-сентябрда, «75чилердин каты» боюнча апелляциялык сот отуруму уланды.

Айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөп бүткөндөн кийин, соттук коллегия кеңешүүгө кетти. Бул тууралуу жеринен Нургуль Торобаева билдирди.

Андан соң өкүмдү жарыялоо үчүн журналисттер сот залына киргизилбей, эшик ичинен жабылып, сот чечими жабык эшик артында окулуп жатканы маалым болду.

Буга чейин прокуратура айыпталуучулардын бардыгын 9 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Эске салсак, райондук сот аларды «бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда үч жылдык пробация белгиленип, камактагы беш адам сот залынан бошотулган.

Апелляциялык арызды прокуратура да, айыпталуучулар да берген.

Последние новости