www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын 1280 жараны чет өлкөдө соттолгон, анын 1072си Россиянын абактарында отурат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте билдирди.

Анын айтымында, Казакстанда, Россияда жана Тажикстанда жазасын өтөп жаткан 60 киши мекенине которулду. Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында башкы көзөмөл органынын делегациясы Москвага барып, Россиянын Башкы прокуратурасынын, Жогорку сотунун жана Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу федералдык кызматынын жетекчилиги менен соттолгон кыргызстандыктарды өз мекенине өткөрүп берүүнү макулдашкан.

"Анын жыйынтыгы менен биринчи кварталда Россиядан 15 кыргызстандык которулду, 25 жаранды алып келүү иштери соңуна чыгып калды. РФ Юстиция министрлигинен соттолгон 72 жаранга карата материалдар бизге келип түшүп, Жогорку сотко тиешелүү сунуштар келтирилди", — деди Зулушев.

Мындан сырткары, баш прокурор 2022-жылы Кыргызстанда жасаган кылмышы үчүн издөөдө жүргөн 63 жаран Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Польшадан кармалып алып келингенин кошумчалады.

Последние новости