www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн иши жакында сотко өткөрүлөт. Бул тууралуу 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Анын айтымында, Кумтөр боюнча төрт кылмыш иши козголуп, 1 миллиард 146 миллион 449 миң 161 сом келтирилген зыяндын, бүгүнкү күндө 830 миллион 826 миң 165 сому өндүрүлгөн.
"Эки кызматкер СИЗОдо, экөө үй камагында. Теңгиз Бөлтүрүккө карата кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүп, ал келтирилген зыяндын ордун толтуруудан баш тартты. Тергөө иш-чараларынын создуктурулуп жатышынын бир себеби келтирилген зыяндын төлөнбөгөнү. Жакында иш сотко жөнөтүлөт», - деди Зулушев.
Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Теңгиз Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.
Булак: NazarNews.kg