www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин имаратына чет өлкөлүк туристтер үчүн аптасына бир жолу тааныштыруу сапарларын уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу парламенттин Төрагасы Марлен Маматалиев имаратты кыдыруу учурунда билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары чет өлкөлүк жарандардын кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнө кызыгуусу артып, Жогорку Кеңешке экскурсия уюштуруу боюнча кайрылуулар көбөйгөн.
Экскурсиянын алкагында туристтерге парламенттин музейине жана жыйындар залына кирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле атайын сувенирдик бурч уюштурулуп, анда парламенттин сувенирдик продукциялары сатылат.
Маматалиев экскурсияларды уюштурууда коопсуздук талаптарын жана парламенттин аймагында жүрүү тартибин так сактоо зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандары Жогорку Кеңешке белгиленген талаптарды жана кирүү тартибин сактоо менен жумасына беш жумуш күнүндө кире алышат.