www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиландда катуу суу ташкынынан сегиз адам каза болду. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги өлкөнүн Табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментине таянып билдирди.
Учурда суу ташкыны Таиланддын 28 провинциясында, анын ичинде Бангкокто дагы деле сакталууда. Кырсыктан негизинен өлкөнүн борбордук, түндүк, чыгыш жана түндүк-чыгыш аймактары жабыркаган. Жалпысынан табигый кырсыктан 42 провинцияда 1,8 миллион адам жабыр тарткан.
Ишемби күнү Бангкоктун губернатору Чатчат Ситтипхан дээрлик 48 саат бою тынымсыз жааган жаандан кийин борбор калааны толугу менен суу ташкыны каптаган аймак деп жарыялаган.
Таиланддын Метеорологиялык башкармалыгы дүйшөмбү күнү Бангкокто жана ага жакын аймактарда нөшөрлөгөн жаан басаңдаганын билдирди.