www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн жолдоштук беттеште Мальдив аралдарынын курамасын 5:0 эсебинде жеңди.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, голдорду Эрбол Атабаев (11', 23'), Сирожиддин Астанакулов (19'), Валерий Мурзаков (32') жана Жоэль Кожо (42') киргизди. Беттештин мыкты оюнчусу Эрбол Атабаев аталды.
Бул оюн улуттук кураманын жаңы башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов үчүн алгачкы беттеш болду.
Кыргызстандын курама командасы кийинки жолдоштук оюнун 4-октябрда Ливанга каршы өткөрөт. Бул беттештер 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыктын алкагында өтүүдө.