www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин кызматтык автоунаасына 65 миң сомго жакын айып пул салынганы тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады.

Tolom.kg мамлекеттик порталынын скриншотторунда мэрдин кызматтык автоунаасы жол кыймылынын эрежелерин 56 жолу бузганы көрсөтүлгөн. Бул маалымат коомчулукта талкуу жаратып, колдонуучулар арасында нааразылык билдирүүлөр болгон.

Кийин Tolom.kg порталындагы маалымат жаңыланып, аталган кызматтык автоунаага катталган айып пулдар табылган эмес.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» айып пул төлөнгөнүн жана автоунаанын айдоочусу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. Бирок айып пул кайсы каражаттын эсебинен төлөнгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Белгилей кетсек, «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузган учурлар боюнча токтомдор айдоочуларга «Түндүк» тиркемеси аркылуу электрондук форматта жөнөтүлөт. Ошондой эле айып пулдардын бар-жогун Tolom.kg мамлекеттик порталы аркылуу текшерүүгө болот.

Последние новости